Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдетин аткаруучусу, төраганын орун басары Аида Касымалиева коомчулук лидерлердин Улуттук диалогуна катышты

15-11-2021
14:31

Бүгүн, 15-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын милдетин аткаруучусу, төраганын орун басары Аида Касымалиева Жергиликтүү жана  глобалдык коомчулуктун лидерлеринин диалогуна катышты.

“Бир Дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюмунун демилгеси, өнөктөш уюмдардын колдоосу менен уюштурулуп жаткан иш-чарага  КР Президентик Аппаратынын, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү, бизнес жана жарандык өнөктөштүк уюмдар, КР өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө реформаларды илгерилетүү коому  ошондой эле Стратегиялык изилдөөлөр институту, Омбудсмен институту жана КР Улуттук ишкердик борбору, Профсоюздар федерациясы  ж.б. катышты.

Аталган диалог – мамлекеттик органдардын,бизнес өкүлдөрүнүн, жарандык коомдун ортосунда жана жергиликтүү  жамааттардын лидерлерининин  тобокелдүү жана кырсыктарды азайтуу боюнча чечим кабыл алууда ишин илгерилетүү,маанилүү сунуштарды иштеп чыгуу жаатында уникалдуу аянтча түзүү максатында уюштурулган.

Дүйнөлүк   глобалдык  тенденциялардын өзгөрүү  контекстинде  приоритеттүү багыттагы экологиялык факторлор, социалдык–экономикалык кырсыктардын алдын алуу жана  чечүү жолдоруна өзгөчө көңүл бурулуп,   ар тараптуу өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттары боюнча конструктивдүү  талкууну түзүүгө багытталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө 100 дөн ашык жергиликтүү жамааттардын лидерлери тажрыйба алмашып, коомдогу  актуалдуу коопсуздук жаатындагы  маселелерин чечүү, гендердик жаатында саясатка жана саясый  ресурстарга бирдей жеткиликтүүлүктү илгерилетүү, аялдардын саясий процесстерге катышуусу, тамак-аш  коопсуздугунун  маанилүүлүгү, медицинага, социалдык кызматтар ошондой эле,  жарандык коом, жамааттардын глобалдык деңгээлге чейин чечим кабыл алууга катышуу жаатында маселелер талкууланды .

Жыйынтыгында, Дүйнөлүк кафе (World Cafe) форматындагы үч негизги компонент боюнча резолюция жана 2022-жылга карата реформаларды алдыга жылдыруу боюнча биргелешкен аракеттер планын кабыл алуу сунушталды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы