Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясын талкуулоо боюнча парламенттик угуу өттү

11-11-2021
16:06

Бүгүн  2021-жылдын  11-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбооруна жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясын талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрдү.

Коомдук угууга   мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, бейөкмөт уюмдардын  жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты.

Кыргыз Республикасынын  Экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев баяндама жасап “Бүгүнкү күндө  көмүскөлүү экономика  өлкөнүн  40% жана  салык төлөөчүлөрдүн ичинен 0,6% түзөөрүн белгиледи. Бул көмүскө экономиканын чоң деңгээли мамлекет үчүн чоң көйгөйлөрдү жаратууда. Андыктан көмүскө коррупцияны  кыскартуу жана  салыктык жол-жоболорду санариптештирүүгө, ишкердикти жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

Андан соң парламенттик угуу суроо-жооп түрүндө уланды. Катышуучулар  салык кодексинин  жаны редакциясына киргизилип жаткан өзгөчөлүктөр тууралуу суроолорду беришип, сунуштарын айтышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы