Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндөгү макулдашууга тиешелүү мыйзам долбоору талкууланды

10-11-2021
11:28

Бүгүн, 10-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндөгү макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төгүмдөрүнүн өлчөмү боюнча Протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова белгилегендей, мыйзам долбоорунун Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланышы Түрк Академиясынын уюштуруучу өлкөлөр тарабынан бул академиянын бюджетине жыл сайын чегерүүлөрдүн эсебинен иштөөсүнө мүмкүндүк берет жана Академиянын бюджеттик процессин жана финансылык отчеттуулукту ишке ашыруу тартибин аныктайт.

Бул макулдашуу 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган "Түрк Академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төгүмдөрүнүн өлчөмү боюнча Протоколдо" бекитилген, анда 0,5% өлчөмүндө Кыргыз Республикасы тарабынан милдеттүү төгүм белгиленген.

Талкуудан соң бардык фракциялардын чечимин эске алуу менен үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы