Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдетин аткаруучу, төраганын орун басары Аида Касымалиева Европа парламентинин депутаттары менен жолугушту

05-11-2021
18:19

Бүгүн, 5-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын милдетин аткаруучу, төраганын орун басары Аида Касымалиева, депутаттар Абдывахап Нурбаев жана Мирлан Жеенчороев Кыргызстанга иш сапары менен келген Европа парламентинин депутаттары Фульвио Мартушелло жана Тьерри Мариана менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы гуманитардык, саясий-экономикалык алакаларды өнүктүрүү маселелери талкууланып, ошондон эле Жогорку Кеңеш менен Европа парламентинин кызматташтыгын арттыруу тууралуу сөз болду.

Жогорку Кеңешинин Төрагасынын милдетин аткаруучу, төраганын орун басары Аида Касымалиева Кыргызстан Европа биримдиги менен болгон бардык багыттагы байланыштарды чыңдоого кызыкдар экендигин белгилеп: “Айрыкча, бүгүн ишин баштаган “Борбордук Азия – Европа биримдиги” аталышындагы алгачкы экономикалык форум ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишеничтемин”, – деди.

Ошондой эле Кыргызстандагы акыркы өзгөрүүлөргө, саясий жаңыланууларга токтолгон Аида Касымалиева: “Ушул жылдын 28-ноябрында жаңы шарттар жана талаптар менен парламенттик шайлоо өтөт. Бул өнөктүктө элдин эркин тандоосуна жана мыйзам талаптарынын так сакталышына өзгөчө көңүл бурулуп, административдик ресурска жана добуш сатып алууга каршы көзөмөл күчөтүлдү”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде Европа парламентинин депутаттары да Кыргызстан менен кызматташтык артыкчылыктуу мааниге ээ экенин белгилешти. Алсак, депутат Фульвио Мартушелло: “Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан кооз табияты менен гана өзгөчөлөнбөстөн, эркин коому менен да артыкчылыкка ээ. Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкө катары да мааниси жогору”, – деди.       

Муну менен катар жолугушууда аймактык коопсуздукту камсыздоо, соода байланыштарын чыңдоо жана COVID-19 пандемиясынын кесепеттери менен биргелешип күрөшүү маселелери тууралуу сөз болду.    

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы