Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жумушчу тобу финансы-кредиттик уюмдардын насыя алуучулары менен жолугушту

04-11-2021
12:55

Бүгүн, 4-ноябрда финансылык мекемелерден жабыркаган жарандардын арыздарын текшерүү багытында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жумушчу тобу финансы-кредиттик уюмдардан насыя алгандар менен жолугушту. Жолугушууга Улуттук банктын, Экономика жана коммерция министрлиги баштаган тиешелүү мекемелердин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Талкуу маалында насыя алган бир катар жарандар пайыздык чендин жогору экенине токтолушту. Алсак, коммерциялык банктарда 16%дык чен белгиленгени менен ага дагы 15% кошулат. “Натыйжада 31% болуп кетет. Бул КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда гана ушундай көлөмдө экендигин көрсөтүп турат” – деди насыя алгандардын бири.  

Ага ылайык, “Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндөгү” мыйзамдын 6-беренесин жокко чыгарууну талап кылышты. Тагыраагы, 2013-жылы кабыл алынган аталган мыйзамдын 6-беренесинде "Чектүү жол берилүүчү пайыздын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган 15 пайыз кошула турган орточо салмактап алынган номиналдуу пайыздык коюмдан улам эсептелет" - деп белгиленген. 

Насыя алгандардын айтымында, Улуттук банк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо менен пайыздык чендин көлөмүн так чектеп коюусу кажет. Ошондой эле насыялар улуттук акча бирдиги менен гана берилип, күрөөгө коюлган мүлктүн наркы көз карандысыз баалоочулар тарабынан аныкталышы зарыл.  

Талкуу соңунда айтылган бардык маселелер тыкыр каралаары белгиленди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы