Бүгүн, 3-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында бир катар мыйзам жана токтом долбоорлору кабыл алынды.
Биринчи окууда:
- “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.05.21деги № 183 токтом);
- “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-10027/21);
- “2019-жылдын 19-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин тамеки продукциясына акциз тармагында салык саясатын жүргүзүүнүн принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.08.20дагы № 457 токтом);
Үчүнчү окууда:
- “2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-15476/21);
- “Москва шаарында 2021-жылдын 25-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-14642/21);
- “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” Кыргыз Ресубликасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Асылбаева Г.К.).
Мыйзамдын макулдашылган варианты:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4889-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Электрондук соода жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты.
Жогорку Кеңештин токтомдору:
- “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-июнундагы №4629-VI токтому менен түзүлгөн бактылуу депутаттык комиссиясынын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.
- “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Самигуллина А.Э., Строкова Е.Г., Никитенко Н.В., Алтыбаева А.Т.);
- “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Асылбаева Г.К., Осмонова А.Ш., Икрамов Т.И., Исмаилов У.Ч.).
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы