Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Маалымат коопсуздугун камсыздоого багытталган макулдашуунун долбоору каралды

03-11-2021
12:58

Бүгүн, 3-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Москва шаарында 2021-жылдын 25-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жыйында баяндама жасаган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Киберкоопсуздукту координациялоо борборунун директору Жаныбек Жоробаев маалымат коопсуздугу маанилүү экенин белгилеп: “Бул жаатта биргелешип иш алып баруу аркылуу гана жакшы жыйынтыкка жетүүгө болот. Андыктан аталган макулдашуу аркылуу маалымат коопсуздугун камсыздоо багытында биргелешкен механизмдерди иштеп чыгуу максаты коюлган”, – деди.  

Ошондой эле Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзамдын долбоору да каралып, добуш берүүгө сунушталды. 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы