Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Евразия экономикалык бирлигинин алкагында тамеки өнүмдөрүнө акциздик салык саясаты шайкеш келтирилүүдө

03-11-2021
11:07

Жогорку Кеңештин жыйынында ЕАЭБ алкагында тамеки өнүмдөрүнө акциздик салык саясатын шайкеш келтирүүгө багытталган «2019-жылдын 19-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчѳ-мамлекеттердин тамеки продукциясына акциз тармагында салык саясатын жүргүзүүнүн принциптери жѳнүндѳ макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Бажы кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстанда сигарет өндүрүлбөйт, негизинен чет өлкөлүк компаниялардын өнүмдөрү сатылат. Ал эми биздин аймакта өндүрүлгөн тамеки заттарынан насвай жасалууда.

Андан тышкары, ЕАЭБ алкагында тамеки өнүмдөрүнө акциздик салык саясатын шайкеш келтирүүгө багытталган келишимге кол коюлган, азыр аны ратификациялоо милдети турат. Ошондой эле, тамеки өнүмдөрүнө акциздик салыктар көбөйтүлсө, анын баасы да көтөрүлө турганы белгилүү болду.

Талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар тамеки өнүмдөрүн көмүскөдөн көрүнөө чыгаруу чараларын көрүү жаатында өз пикирлерин айтышты.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы