Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Атаандаштык жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды

03-11-2021
10:38

Бүгүн, 3-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Атаандаштык жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын  мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Бекболот Алиев мыйзам долбоору мамлекеттик ишканаларга артыкчылыктарды берүү, чарбакер субъекттерди түзүү жолу менен товардык рыноктордо атаандаштыкты чектөөгө жана рынокту монополдоштурууга жол бербөө максатында иштелип чыкканын белгилеп: “Бул ишкердикти өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле атаандаштык мыйзамдарын бир аз бузган ишкердик субъекттерине айыптык санкцияларды колдонууга жол бербөө максатында эскертүү институтун киргизүүгө көмөк көрсөтөт” – деди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы