Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жаӊы депутат Эркин Жолдошалиев парламентте ант берип, депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти

03-11-2021
10:25

Жогорку Кеӊештин жыйынында «Өнүгүү - Прогресс» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Эркин Жолдошалиев ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Абдумажит Юсуровдун ордуна келди.

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева жалпы депутаттардын атынан Эркин Жолдошалиевди депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин статусу жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы