Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Чыгармачылыктын чындыгы - бийик жоопкерчилик!

28-10-2021
14:28

"Түптөлгөн тамыр - бекем келечек!" аталышындагы Түркиянын Стамбул шаарында өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин өкүлдөрү чакырылган медиа форумга Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын адиси, белгилүү журналист жана жазуучу Мамат Сабыров катышып, бай тажрыйбалардын үлгүлөрүн алып кайтты. Андагы алган таасирлер тууралуу "Парламент" радиосундагы маекте Мамат Сабыров Түркиянын Президентинин алдындагы коммуникация башкармалыгынын кеңеши түрк тилдүү мамлекеттердеги журналист, жазуучуларды бир аянтчада тажрыйба алмашууга чогулткандыгын айтып, алган жаңылыктары менен бөлүштү. 

Иш чаранын алкагында тарыхый жерлер тааныштырылып, ошондой эле түрк сериалдары тартылган жайлар көрсөтүлүп, чыгармачылыктагы жаңы аракеттер, данектүү демилгелер ортого салынды, - дейт медиа форумдун катышуучусу. 

Ошондой эле журналистика жана коом тууралуу ой - пикирин билдирген кесиптешибиз, саясатта тең салмактуу пикир айтып, сынды калыс жеткирип турууда чыгармачыл чөйрөнүн жоопкерчилиги жогору экендигин белгиледи. 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы