Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды

27-10-2021
18:03

Бүгүн, 27-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында бир катар мыйзам жана токтом долбоорлору кабыл алынды.

Биринчи окууда:

  • “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин Төрагасы, кир. №6-13459/21);
  • “Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.05.21деги № 180 токтом);
  • “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Касымалиева А.К., Орозова К.Б.);
  • “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” Кыргыз Ресубликасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Асылбаева Г.К.);
  •  “Кластерлер жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Турусбеков Б.С., Керезбеков К.К.).

Үчүнчү окууда:

  • “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.08.19дагы № 396 токтом);
  • “2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-13822/21);

Жогорку Кеңештин токтомдору:

  • “2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү тууралуу жана “Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жазык кодексине, “Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Асылбаева Г.К., Баатырбеков А.Б., Айдаров С.А., Алтынбеков А., Ормонов У.З., Матраимов И.И., Алтыбаева А.Т., Зулушев К.Т.);
  • “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Күрөө жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 4684-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;
  • “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Мыйзамдын макулдашылган варианты:

  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 7-октябрындагы № 4916-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Экономикадагы өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты.

Четке кагылды:

  • “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Ибраев С.К., Турусбеков Б.С., Иманалиев К.К., Асылбаева Г.К., Омуркулов И.Ш., Икрамов Т.И., Атазов Ш.К., Орозова К.Б., Акаев Ж.К., Строкова Е.Г., Джураев С.М., Жолдошбаев К., Токтомамбетов А.Ж., Мурашев Н.М., Бакиров М.С., Тагаев Э.С., Ормонов У.З., Бешимбаева А.К., Айдаров Н.А., Тиллаев Т.Г., Шарапов З.Э., Бердиев А.Т., Кулбараков А.И., Садиков У.Ч., Исмаилов У.Ч., Исманов С.Ж., Арзыбаев Н.И., Кемелов А.К. Абдылдаев Ш.И., Осмонов А.Ж., Нышанов С.К.,Туманбаева Р.М., Молдалиев С.У., Самаев У.О., Алтыбаева А.Т., Дюшалиев А.К., Тотонов Н.Т., Каримов Н.Т., Маматалиев М.А., Бакиров О.М., Эгембердиев М.Б., Тулендыбаев П.Р., Осмонова А.Ш., Алыбаев О.А., Рыспаев К.Дж., Жоробеков Т.У., Байбакпаев Э.Дж., Жунус уулу Адыл, Айнакулов М.А., Койчуманов М.Н., Нурдинов Б., Аманова Б.К., Торокулов Д.Г., Исаева Д.Ш., Турусунбаев А.А., Урумкалиева Ч.Ч., Маннанов И.А., Молдобекова Г.С., Кодуранова А.С., Юсуров А.Л.).

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы