Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Нотариат жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр талкууланды

27-10-2021
17:27

Бүгүн, 27-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Жыйында айтылгандай, 2018-жылы «Нотариат жөнүндө» мыйзамга нотариат иши тууралуу маалыматтарды жыйноо, алуу, издөө, өткөрүп берүү, иштетүү, сактоо, колдонуу, берүү жүрүмдөрүн автоматташтырууга арналган жаңы берене киргизилген, бирок ал азыркы замандын талабына толук жооп бербейт. Ошондон улам, санариптик технологиянын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, мыйзамга нотариустун ишине электрондук документтер, аларды жүгүртүү, электрондук колтамга усулдарын киргизүү демилгеси сунушталууда.

Талкуудан мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы