Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды

27-10-2021
17:23

Бүгүн, 27-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова мыйзам долбоору Баткен облусун өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык жумушчу тобунун ишмердүүлүгүнүн алкагында сунушталып жатканын белгилеп: “Быйыл апрель айында Баткен облусунда катталган окуяда жабыркагандардын макамын 2010-жылдагы апрель-июнь окуяларында жабыркагандардын макамына теңдештирүү сунушталууда”, – деди.

Талкуу маалында депутат Таабалды Тиллаев аталган окуяда жабыркаган үй-бүлөлөрдүн студент уул-кыздарынын жогорку окуу жайлардагы контрактык төлөмүн толук чечип берүү зарылчыгынына токтолду.  

Ал эми депутат Карамат Орозова окуяда оор жаракат алып, ден-соолугунан жабыркагандарды майыптыгы боюнча группага киргизүү кечеңдеп жатканын белгилеп: “Эртелетип жардам берели. Алар маалыматтын жоктугунан жардам ала албай жатышат” – деди.

Ошондой эле депутат Абдывахап Нурбаев мыйзам кабыл алынса окуяда курман болгондорго жана жаракат алгандарга канча каражат берилерине кызыкты.

Өз кезегинде Жылдыз Полотова 2021-жылдын 1-октябрынан тарта бардык каза болгондордун үй-бүлөсү жана майыптуулугу боюнча корутундуга ээ жарандар 3700 сомдон жардам алаарын кошумчалады.

Талкуудан соң мыйзам долбоору бардык фракциялардын чечимин эске алуу менен үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы