Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Салыктан качкандар чек арадан өтүүдө көйгөйгө кабылат

27-10-2021
14:53

Баштапкы салыктын 8 түрү азыр 7 түр менен гана калтырылып жатат. Бул Салык кодексиндеги негизги айырмачылыктар, - дейт Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Эмиль Токтошев бүгүн, 27 - октябрда "Парламент" радиосуна курган маегинде.

Кыскартылган салыктын бир түрү мүлк салыгы менен жер салыгы бириктирилип жатат. Коомчулукта айтылган пикирлер эске алынып, Салык кодекси кабыл алынса, республиканын бюджетин 70%га чейин жогорулатууга жетишилет., - деген депутат,- электрондук иш кагаздарын талаптагыдай орунга коюп алсак, бул дагы иштин илгерилешине өбөлгө, - деген Министрлер кабинетинин маалыматтарын тааныштырды. 

Жер менен үйгө белгиленген салыктардын аянтына карап, төлөнө турган суммасы такталып жатат. Ошондой эле салык төлөбөгөн ишканалардын жетекчилеринин жоопкерчиликтери да кылдат каралат. Эгер кимде бул жагдай маселе жаратса, салыктан качкан тараптар чет өлкөгө сапарга чыгууда тоскоолдуктарга учурайт, - деп түшүндүрдү эл өкүлү. 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы