Бүгүн, 25-октябрдагы Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып,колдоо тапты.
Жыйында баяндама жасаган Министрлер кабинетинин өкүлү 2020-жылы республикалык бюджеттин жыйынды кирешелери 134 587,3 млн сомду түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 13 898,3 млн сомго азайганын билдирди. Ал эми жыйынды чыгымдары 154 450,6 млн сом болгон.
Ошондой эле тармактык комитеттин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүчү мектептердин курулушу жөнүндө” Макулдашуунун долбоору каралып, жактырылды.
Тагыраагы, аталган Макулдашууга ылайык Өзбекстан Республикасы Баткен районунун Самаркандек айылына жана Лейлек районунун Маргун айылына 330 орундуу мектептерди куруп, керектүү жабдыктарды менен камсыздайт. Муну менен катар окуу имараттарын Кыргызстандын менчигине өткөрүп берет. Бул үчүн Маргун айылынан 0,30 га, Самаркандек айылынан 1,75 га жек тилкеси бөлүнөөрү белгиленди.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы