Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбооруна кошумча 17 млн доллар каражат бөлөт

13-10-2021
17:56

Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимдин долбоору жана «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорун (5918-КG насыя, D147-KG грант) каржылоо жөнүндө келишимге киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралып, ратификациялык мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун айтымында, бул пилоттук долбоор буга чейин Ысык-Көл облусунда сыноодон ийгиликтүү өтүп жатканына байланыштуу, эми ага Нарын менен Талас облустары кошулуп жатат. Ошондон улам, Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциясы Кыргызстандын Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында уйлардын тукумун жакшыртуу жана сүттүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында 17 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Анын жарымы жеңилдетилген насыя жана жарымы грантык каражат болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздык үстөгү менен берилүүдө.

Долбоорго өзгөртүүлөр киргизиле турган болсо, 10 миң фермерге 3 жылдык мөөнөт менен 1,5 миң доллардан насыя берилет. Жыйналып алынган каражат кайрадан башка фермерлерге бериле берет.

Бир катар депутаттар мындай жакшы долбоорду башка аймактарга да жайылтып, уйлардын тукумун жакшыртуу, ошону менен бирге, жайыттар менен тоюттардын сапатын жакшыртып, уйлардын сүттүүлүгүн арттыруу зарылдыгын айтышты. Алардын пикиринде, каражатты алуу жол-жоболорун тездетип, долбоорго дагы башка аймактарды камтуу керек.

Белгилей кетсек, алдынала макулдашууга ылайык, эгерде бул келишим 2021-жылдын 29-октябрына чейин ратификацияланып калса, 2022-жылдын 1-январында каржылоо жолжоболору башталмакчы.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы