Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Парламентте Министрлер кабинетинин мүчөлөрү ант беришип, өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришишти

13-10-2021
17:13

Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин жаңыдан дайындалган мүчөлөрү ант беришип, расмий түрдө өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришишти. Аземге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов жалпы депутаттардын атынан Министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрүн Президенттин жана эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, алардын чоң жоопкерчиликтүү ишинде ийгиликтерди каалады.

Ал эми Президент Садыр Жапаров өзү тарабынан сунушталган Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук беришкени үчүн парламенттин депутаттарына ыраазычылык билдирди. Ал азыркы учурда жалпы кыргыз эли аткаруу бийлигине чоң ишеним артып жатканын, алардын мындай ишенимин биргелешкен аракет менен ишке ашыруу керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна ылайык, Министрлер кабинетинин жаңы дайындалган мүчөсү Жогорку Кеңеште ант берген соң, расмий түрдө өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришет.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы