Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Жарнама жөнүндөгү” жана “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу тууралуу” мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды

13-10-2021
16:36

Бүгүн, 13-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жарнама жөнүндө”, “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Евгения Строкова мыйзам долбоору туура тамактанууга болгон балдардын укуктарын жүзөгө ашырууга багытталганын белгилеп: “Туздун жана эт майынын камтылышы жогору болгон тамак-аш азыктарынын маркетингин чектөө максаты коюлду”, – деди.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде белгиленгендей, Кыргыз Республикасы туздуу көп колдонгон өлкөлөрдүн катарында турат. Тагыраагы, туз Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сунуштаган чектен 2,5 эсеге көп пайдаланылат. Андан тышкары эт майы камтылган тамак-аштар да арбын. Ошондуктан, тиешелүү мыйзамдар аркылуу саламаттыкты сактоо жана билим берүү уюмдарынын имараттарынын, спорттук залдардын жана башкар курулмалардын, стадиондордун жана аларга жанаша жайгашкан жайлардын айланасындагы 100 метр аралыкта канттын, туздун жана эт майынын камтылышы жогору болгон тамак-аштарды жарнамалоого чектөө киргизүү демилгеленүүдө. 

Эскерте кетсек, мыйзам долбоору Жогорку Кеңешинин депутаттары Е. Г. Строкова, А. Э. Самигуллина, А. К. Касымалиева, А. А. Карашев, Ч. Ч. Урумкалиева, Б. К. Аманова, Г. К. Асылбаева, Б. Э. Торобаев, О. Ж. Турдумамбетов, С. К. Нышанов жана Р. М. Туманбаева тарабынан демилгеленген.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы