Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү маселеси каралып, көптөгөн көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү

13-10-2021
16:27

Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү маселеси каралып жатканда, Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров өлкөнүн экономикасын көтөрүү, мамлекеттик бюджетти көбөйтүү, калк турмушун жакшыртуу жаатында тийиштүү чараларды көрүү, ошондон улам салыктык фискалдаштырууну жана финансылык көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал 2021-жылдын жыйынтыгында мамлекеттик бюджет 280 млрд сомго, ал эми келерки жылы 400 млрд сомго чейин жеткириле турганын кошумчалады.

Талкуу жүрүшүндө чек арага, кыш мезгилине даярдыктын жүрүшүнө, отундун жана күйүүчү майдын баасына, электр энергиясына, чакан ГЭСтер менен ири «Камбар-Ата – 1» ГЭСин курууга, эмгек миграциясына, «Кумтөр» алтын кенине, пенсиялык жана социалдык реформаларга, мугалимдер менен маданият кызматкерлеринин эмгек акысына, курулушу токтоп турган социалдык объектилерге, экономика тармактарында орун алган коррупцияга байланыштуу көптөгөн көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.

Бир катар депутаттар бул жолку Министрлер кабинетинин жаңы курамына бир топ кесипкөй жана тажрыйбалуу, өздөрү жетектей турган тармактардын өзгөчөлүктөрүн терең түшүнгөн адамдар, алар менен кошо билимдүү жана демилгелүү жаштар кирип жатканын, демек, жалпы аткаруу бийлигинин ишинин алдыга жылышына ишеним бар экенин айтышты. Алар ишин жөндөй албаган аткаминерлерден азыртан арылып, мамлекеттик органдардын аппараттарын оптималдаштыруу зарылдыгын белгилешти.

Добуш берүү жыйынтыгында депутаттар Президент тарабынан сунушталган Министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрүн дайындоого макулдугун беришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Ошентип, Министрлер кабинетинин жаңы курамына төмөнкүлөр кирди:

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын башчысы – Акылбек Жапаров;

төраганын биринчи орун басары – Арзыбек Кожошев;

төраганын орун басары – Азиз Аалиев;

төраганын орун басары – Эдил Байсалов;

төраганын орун басары – УКМКнын төрагасы – Камчыбек Ташиев;

экономика жана коммерция министри – Данияр Амангелдиев;

финансы министри – Алмаз Бакетаев;

тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри – Руслан Казакбаев;

юстиция министри – Аяз Баетов;

транспорт жана коммуникация министри – Эркинбек Осоев;

айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министри – Аскарбек Жаныбеков;

энергетика министри – Доскул Бекмурзаев;

жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри – Динара Кутманова;

саламаттыкты сактоо министри – Алымкадыр Бейшеналиев;

билим берүү жана илим министри – Болотбек Купешов;

маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри – Азамат Жаманкулов;

эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри – Кудайберген Базарбаев;

коргоо министри – Бактыбек Бекболотов;

ички иштер министри – Улан Ниязбеков;

өзгөчө кырдаалдар министри – Бообек Ажикеев.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы