Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жаңы курамына макулдук берүү маселеси каралып жатат

13-10-2021
12:47

Жогорку Кеңештин бүгүн, 13-октябрда өтүп жаткан кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан сунушталган Министрлер кабинетинин жаңы курамы каралууда. Талапкерлерди депутаттарга Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Анарбек Калмаматов тааныштырды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров азыр Кыргызстан жана кыргыз эли өтө маанилүү, кыйла жооптуу учурду баштан кечирип жатканын, өзгөчө пандемия учурунда экономикалык көйгөйлөр көбөйүп кеткенин баса белгиледи. Анын пикиринде, акыбалды анчалык саясатташтырбай, өлкөнүн экономикасын көтөрүү, мамлекеттик бюджеттин көлөмүн көбөйтүү, чек ара жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдеп, калктын абалын жакшыртуу жаатында шашылыш чараларды көрүү зарыл. Ал баарыдан мурда салыктык фискалдаштырууну жана финансылык көзөмөлдү күчөтө турганын кошумчалап, баардык бийлик бутактарын, анын ичинде парламенттин депутаттарын биргелешип аракеттенүүгө чакырды.

Ошентип, Министрлер кабинетинин жаңы курамында төмөнкүлөр бар:

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын башчысы – Акылбек Жапаров;

төраганын биринчи орун басары – Арзыбек Кожошев;

төраганын орун басары – Азиз Аалиев;

төраганын орун басары – Эдил Байсалов;

төраганын орун басары – УКМКнын төрагасы – Камчыбек Ташиев;

экономика жана коммерция министри – Данияр Амангелдиев;

финансы министри – Алмаз Бакетаев;

тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри – Руслан Казакбаев;

юстиция министри – Аяз Баетов;

транспорт жана коммуникация министри – Эркинбек Осоев;

айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министри – Аскарбек Жаныбеков;

энергетика министри – Доскул Бекмурзаев;

жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри – Динара Кутманова;

саламаттыкты сактоо министри – Алымкадыр Бейшеналиев;

билим берүү жана илим министри – Болотбек Купешов;

маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри – Азамат Жаманкулов;

эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри – Кудайберген Базарбаев;

коргоо министри – Бактыбек Бекболотов;

ички иштер министри – Улан Ниязбеков;

өзгөчө кырдаалдар министри – Бообек Ажикеев.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы