Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Аалы Карашев: "Мыйзамдагы урунттуу учурлар"

11-10-2021
13:17

“Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору боюнча Жогорку Кеңеш депутаты Аалы Карашев “Парламент” радиосуна маалымат берди.

“Бүткүл элдик референдумдун жыйынтыгы менен кабыл алыган Баш мыйзамда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети институту негизделди. Аткаруу бийлигинин башкаруу системасынын башында Президент турат, - деп көрсөтүлгөн, - деп белгилеген эл өкүлүнүн айтымында, талкуудагы мыйзам долбоорунда ошондой эле  Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн кол тийбестиктери да тартиптик ченемдер менен жөнгө салынды. Ошонун негизинде Башкы прокурор гана Министрлер кабинетинин мүчөсүнө кылмыш ишин козгой алат. Бул жерде Президенттин макулдугу талап кылынбайт, – деген норма жаңы. Андан тышкары мамлекеттик сыйлыктары бар – жогуна карабай кылмышка шектүү аткаминерлер мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш”, - деп түшүндүрдү депутат.  

Көтөрүлгөн маселелерге жооп берүүдө ыкчамдыкты талап кылган жагдайлар бар. Ошондуктан, коллегиалдуу чечим талап кылынгандыктан, тиешелүү министрликтердин катыштыгын тактап, берилүүчү жооптордун мөөнөтүн создуктурбоого жетишсе болот. Кыскасы, көтөрүлгөн маселе көп убакытты албайт. Бул жагы да мыйзам долбоорунда караштырылып жатат, - дейт А.Карашев.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы