Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Ш. Абдылдаев: “Кайдыгерлик - жоопкерчиликтин душманы!”

05-10-2021
12:26

Жол маселеси олуттуу колдоого муктаж болгондуктан, насыялык портфелдердин басымдуу бөлүгү ошол тармакка жумшалууда. Бишкек – Ош жолунун Талас тарапка кеткен жагында (Өткөк ашуусу жакта) 8 км жолду асфальттоонун 2 – катмары эмдигиче басылбай турат. Анын айынан 1 – камтардын сапатына доо кетип, эми кайра оңдоп түзөөгө муктаждык жаралууда, - дейт Жогорку Кеңеш депутаты Шералы Абдылдаев “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Ушундай иштерге шалаакылык менен мамиле кылгандар жооп берүүгө тийиш, - деген депутат өлкө аймагындагы жалпы жолдордун абалына да токтолду.

Түндүк – түштүк автожолунун иштерине илең – салаңдык менен мамиле жасоого эч кимдин акысы жок. Деги эле,  кайдыгерлик – жоопкерчиликтин душманы! Азыр курулуп жаткан Ысык – Көлдүн тескей тарабындагы жолдун сапаты да кынтыксыз, - деп таанылууга тийиш, - дейт депутат.

Жолдордун абалы, андагы айдоочулардын эрежелерди сактоосу, “Коопсуз шаар” долбоорунун чектериндеги иштер боюнча маалымат берген эл өкүлү, - бул багытта иштеп жаткан депутаттык комиссиялардын жыйынтыктары жакын арада жарыяланаарын да кошумчалады.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы