Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Бурун Аманова: “Төрт жылдап турган тарых музейи...”

28-09-2021
16:07

Улуттук жетишкендиктердин таберик топтому сакталган башкы тарых музейибиз 4 жыл мурда башталган оңдоп – түзөө иштерин жыйынтыктай албай койду. Эгемендик майрамына карата көрүүчүлөргө өз эшигин ачат, - деп белгиленсе да расмий ишин улантпай келет, - деген борборубуздагы тарых музейинин тегерегиндеги тастыктамаларга Жогорку Кеңеш депутаты Бурун Аманова токтолуп, “Парламент” радиосунда болду.

Тарых музейине байланышкан тема Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинде каралды.  Төрт жылдап ачылбаган музейдин тартыштык жараткан тоскоолдуктары чечилбесе, андагы экспонаттардын сакталышына доо кетпейт, – деп ким айтат?!.. Андагы жаңы коюлуп жаткан заманбап технологиялык жабдыктардын функциялары деле жыл өткөн сайын эскире берет. Ошондуктан, убакыттан уттурбай, эсептешүүнү талап кылган каражатты 2021 – жылдын бюджетинен табылсын, - деген тапшырманы Каржы министрлигине табыштадык, - деди эл өкүлү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы