Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитеттин төрагасы Тазабек Икрамов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту

17-09-2021
14:24

Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Тазабек Икрамов Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту.  

Тармактык комитеттин төрагасы Тазабек Икрамов Ахмет Садык Доганды Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Түркия Республикасынын көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирген Тазабек Икрамов, Кыргызстан эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин кошумчалады.

“Инвестиция тартуу маселесине жана соода экономикалык байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл буруу зарыл”, – деди комитет төрагасы.    

Ошондой эле жолугушууда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык, аскердик-техникалык багыттагы алакаларды арттыруу жана парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Муну менен катар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир катар макулдашууларды ратификациялоо тууралуу да сөз болду.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүмү

Окшош жаңылыктар

Бюджет жана финансы комитети «КР Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоорун карады

Мыйзам долбоорунун демилгечилери - депутаттар Э.Т.Токтошев, Ш.А.Абдылдаев, У.Б.Примов, Т.У. Жоробеков жана А.А. Акбаров.

Толук окуу...