Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Мугалим маянасы маанилүү

15-09-2021
14:34

Кыргызстанда мугалимдердин орточо айлыгы социалдык төлөмдөрдү, киреше салыктарын кошпогондо болгону 13843 сомду түзөт. Бул орточо маяна делген 16224  сомдон да төмөн. Мындай каражат менен мугалимдер турак - жай көйгөйүн чече алышпайт. Ошондуктан, “Мугалимдин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү кабыл алуу менен мугалимдердин үй маселесине жардам берилет, - дейт Жогорку Кеңеш депутаты Абдывахап Нурбаев бүгүн, 15 - сентябрда "Парламент" радиосуна курган маегинде.

Ушул эле сунушталып жаткан долбоор аркылуу аталган мыйзамдын 7-беренеси 17-бөлүк менен толукталууда. Анда жалпы билим берүү уюмдарында республикалык, эл аралык предметтик олимпиадаларда жеңишке жетишкен окуучуну даярдаган мугалимге үч айлык оклад сыйлык катары берилет, - деп айтылат.

Демилгечи депутаттын айтымында, окуучулар эгер мектеп которуп кала турган болсо, аларды ээрчип жүрүүчү ваучердик каражат тажрыйбаланып калса мугалимдердин айлыгына оң таасири тиймек. Ошондой эле жеке менчик мектептер да көбөймөк, - дейт А.Нурбаев.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы