Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Энергетиканын эсебинде эмне кеп?

10-09-2021
15:53

Жогорку Кеңеш "Жаңылануучу энергия булактары чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Анда жаңы энергетикалык кубаттуулуктарды ишке киргизүү жана аталган тармакка ата мекендик жана чет өлкөлүк инвестициялык булактарды тартуу талаптары айтылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш депутаты Аккулу Бердиев "Парламент" радиосуна билдирди.

Депутат Экмат Байбакпаев тарабынан демилгеленип жаткан бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, ата мекендик энергетиканын өндүрүмү өсөт, - дейт тармактык комитеттин өкүлү, парламентарий.

Альтернативалуу энергиянын булактарын шамалдан, күн нурунан алынуучу багыттар түзөт. Демилгечи депутат күн нуру менен иштей турган жылытууга керектүү панелдерди даярдоону ишке ашырам, завод курулат, - деген ишкердүүлүк планын даярдап жатат. Бул ишке ашса, жергиликтүү керектөөчүлөргө баасы жагынан арзан, сапаты жагынан ишенимдүү энергиянын жаңы түрү пайда болот, - деп ынандырды А.Бердиев.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы