Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бир катар мыйзамдардын жана токтомдордун долбоору кабыл алынды

08-09-2021
16:37

Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзам жана токтом долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгына төмөндөгүлөр кабыл алынды:

Биринчи окууда:   

-  “Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Байбакпаев Э.Дж.).

Токтомдор:

  • “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 36-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;
  • “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (депутат Ч.Д.Макешов жөнүндө);
  •  “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын ишинин мөөнөтүн узартуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы