Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Айрым депутаттардын телефондогу сүйлөшүүлөрүнүн тыңшалгандыгына байланыштуу укук коргоо органдарынын маалыматы угулду

08-09-2021
16:27

Бүгүн, 8-сентябрындагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында айрым депутаттардын телефондогу сүйлөшүүлөрүнүн тыңшалгандыгына байланыштуу укук коргоо органдарынын маалыматы угулду.

Жыйында баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев: “Атайын тергөө иштерине байланыштуу сотко кайрылуу берилип, соттун чечими менен айрым адамдардын телефон сүйлөшүүлөрүн 2021-жылдын 6-январынан 13-февралына чейин угууга уруксат алынган”, – деди.

Талкуу маалында Мурадыл Мадеминов: “Мен октябрь окуяларында аянтта болгон эмесмин. Кайсы негиздемеге ылайык менин телефон сүйлөшүүлөрүм тыңшалды? Же мага карата соттук иштер барбы?” – деген суроо койду. Министрдин орун басары тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык, жазуу түрүндө жооп берерин билдирди.

Ошондой эле депутат Дастан Бекешев: “Мен жанкечтиминби? Эмнеге менин телефон сүйлөшүүлөрүмдү тыңшадыңар? Бизде мыйзам барбы? Депутаттын кол тийбестик макамы бар. Уруксаат алыш үчүн Башкы прокурордун сунуштамасы керек эле. Эмнеге жөнөкөй прокурор сунуштама берет?” – деген суроолорду берди. Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев уруксат бардык мыйзамдардын чегинде алынганын билдирди.

Ал эми депутат Жанарбек Акаев: “Биздин ниетибиз ак. Туура эмес болсо туура эмес деп, туура болсо туура деп түз айтабыз. Биздин депутаттык милдетибиз ушул. Бири-бирибиз менен сүйлөшүүдөн да коркуп калабызбы? Мынчалык деңгээлге түшпөгүлө да”, – деди.    

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы