Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбеков KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Жонгсу Ли менен жолугушту

17-08-2021
16:53

Бүгүн, 17-августа Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбеков Корея эл аралык кызматташуу агенттигинин (KOICA) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Жонгсу Ли менен жолугушту.

Жолугушууда Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын Төрагасы Пак Бён Соктун ушул жылдын апрель айында Кыргызстанга жасаган расмий иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулар тууралуу сөз болду. Анын ичинен парламенттин техникалык базасын чыңдоо жана бул жааттагы долбоорлорду тездетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбеков тиешелүү сунуштар менен бөлүшүп, аларды ишке ашыруу багытындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин кошумчалады.  

Өз кезегинде Корея эл аралык кызматташуу агенттигинин (KOICA) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Жонгсу Ли бардык сунуштар караларын билдирип, кийинки жылы да кызматташтык улантыларына токтолду.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы