Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 20-октябрында Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт

19-10-2021
18:00

20-октябрда саат 10:00дө парламент имаратынын Жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны өтөт.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары

Алайбек Анаркулович Алымбаевдин

Арсланбек Шукуруллаевич Ражапбаевдин ант берүүсү

2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 6-майындагы № 4544-VI токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан чогултулган акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору

3. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иши жөнүндө (Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет)

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 4855-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайрадан кайтарылган “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Мыйзамдын макулдашылган варианты (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет)

5. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-12378/21) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

6. “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. № 6-12811/21) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

7. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 17.02.21деги № 48 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

8. “Ички чарбалык ирригациялык тутумдарды башкаруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Торобаев Б.Э., Абдалиев М.А., Мурашев Н.М.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет)

9. “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Кодуранова А.С., Керезбеков К.К., Никитенко Н.В., Тиллаев Т.Г., Турускулов Ж.К., Примов У.Б., Молдобекова Г.С., Жеенчороев М.К., Рыспаев К.Дж., Урумкалиева Ч.Ч., Мамашова А.Т., Нурбаев А.М., Сыдыгалиев Н.Ө., Бекешев Д.Д., Аманова Б.К., Исмаилов У.Ч.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)

10. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Маматалиев М.А., Жоробеков Т.У.) (Бюджет жана финансы боюнча комитет)

11. “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир. №6-13459/21) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет)

12. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Ибраев С.К., Турусбеков Б.С., Иманалиев К.К., Асылбаева Г.К., Омуркулов И.Ш., Икрамов Т.И., Атазов Ш.К., Орозова К.Б., Акаев Ж.К., Строкова Е.Г., Джураев С.М., Жолдошбаев К., Токтомамбетов А.Ж., Мурашев Н.М., Бакиров М.С., Тагаев Э.С., Ормонов У.З., Бешимбаева А.К., Айдаров Н.А., Тиллаев Т.Г., Шарапов З.Э., Бердиев А.Т., Кулбараков А.И., Садиков У.Ч., Исмаилов У.Ч., Исманов С.Ж., Арзыбаев Н.И., Кемелов А.К. Абдылдаев Ш.И., Осмонов А.Ж., Нышанов С.К.,Туманбаева Р.М., Молдалиев С.У., Карашев А.А.,Самаев У.О., Алтыбаева А.Т., Дюшалиев А.К., Тотонов Н.Т., Каримов Н.Т., Маматалиев М.А., Бакиров О.М., Эгембердиев М.Б., Тулендыбаев П.Р., Осмонова А.Ш., Алыбаев О.А., Рыспаев К.Дж., Жоробеков Т.У., Байбакпаев Э.Дж., Жунус уулу Адыл, Айнакулов М.А., Койчуманов М.Н., Нурдинов Б., Аманова Б.К., Торокулов Д.Г., Исаева Д.Ш., Турусунбаев А.А., Урумкалиева Ч.Ч., Маннанов И.А., Молдобекова Г.С., Кодуранова А.С., Юсуров А.Л.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет четке кагууну сунуштайт).

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы