Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Саматбек Ибраев: "Кыргызстандын Орто Азиядагы финансылык борбор болуу мүмкүнчүлүгү бар"

27-07-2021
15:44

Бүгүн, 27-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраев жаңы финансылык технологияларды Кыргызстанга киргизүү багытында демилгеленип жаткан мыйзам долбоору тууралуу басма сөз жыйынын өткөрдү.

Ошондой эле иш-чарага экономика илимдеринин доктору, профессор жана Россия Федерациясынын эл аралык финтех долбоорлорунун илимий жетекчиси Владимир Фролов катышты.

Депутат Саматбек Ибраев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө финтехтин киргизилиши менен Кыргызстан Орто Азиядагы финансылык борборго айлана тургандыгы тууралуу айтып берип, натыйжада пенсиялык аманаттарды алтын менен сактоого, АКШ долларына карата сомдун курсунун туруктуулугун камсыздоого,  альтернативдүү энергетиканы өнүктүрүүгө жана аз дегенде 150-200 миң долларлык уставдык капитал менен мамлекеттик банк ачууга шарт түзүлөрүн кошумчалады.  

"Кыргызстандын Орто Азиядагы финансылык борбор болуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми карапайым калк үчүн каражаттарын алтын менен кармоого жол ачылат. Анткени, аталган баалуу металл дайыма кымбаттап турат жана ишенимдүү актив болуп эсептелет", - деди депутат.  

Андан тышкары, экономика илимдеринин доктору, профессор жана Россия Федерациясынын эл аралык финтех долбоорлорунун илимий жетекчиси Владимир Фролов сомдун туруктуулугу долларга карата төмөн экендигин белгилеп: "Алтынды рынокко минималдуу комиссия менен киргизсе болот. Кыргызстандыктар эч кандай кыйынчылыксыз аны алып, аманаттарын ошол баалуу металл менен сакташмак. Алтын долларга караганда кубаттуу актив. Ошондо гана сом турукташып, курсту кармоо үчүн рынокко миллиондогон долларлар чачылбай калат. Ага кеткен каражат башка маанилүү максаттарга жумшалмак" - деди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы