Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар каралган мыйзам долбоорлоруна добуш беришти

22-07-2021
20:45

 

Бүгүн, 22-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында  депутаттар  каралган бир катар  мыйзам долбоорлоруна добуш беришти. Анын жыйынтыгында  төмөндөгү мыйзам долбоорлору кабыл  алынды:

Биринчи окуудан:

- “Кыргыз Республикасында үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – депутат Ормонов У.З.

- “Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – депутат Ормонов У.З.

Экинчи окуудан:

- “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 18.03.19дагы № 127 токтом.

Үчүнчү окуудан:

“Электр жана почта байланышы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

- “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 03.05.21деги № 178 токтом.

- “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А., Гайпкулов И.Т., Абжалиев А.Т., Осмонова А.Ш.

 Мыйзамдын макулдашылган  варианты:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 4523-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын макулдашылган варианты. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт, 03.02.20дагы № 49 токтом.

Жогорку Кеңештин токтомунун  долбоору:

- “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 4190-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Аманкулов М.А., Бекешев Д.Д., Мавлянова М.Э., Эргешов А.М.,
Жунус уулу Алтынбек, Аттокуров Д.Б., Джураев С.М., Баймуратов К.Ш., Жунус уулу Адыл,
Момбеков Р.Ч., Ормонов У.З., Сыдыков Б.У., Конушбаев Т.К., Жумалиев К.М., Исаев Ж.Б.,
Тотонов Н.Т., Жеенчороев М.К., Строкова Е.Г.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы