Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кенеш бир катар мыйзам долбоорлорун биринчи, экинчи жана үчүнчү окуудан кабыл алды

22-07-2021
17:00

Бүгүн,  22-июлда  Жогорку Кеңештин жыйынында  депутаттар 14-,15- жана 22-июлда  каралган  мыйзам долбоорлоруна  добуш беришип,  анын жыйынтыгында  төмөндөгү мыйзам долбоорлору кабыл алынды:

Биринчи окуудан:

-“2021-жылдын 15-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык ɵнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автожолунун Корумду – Балбай участогун реконструкциялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

- “2021-жылдын 3-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Корумду-Балбай участогундагы Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

-“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти.

- “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти.

- “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти.

- “Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти.

- “Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти.

 - “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти.

Экинчи окуудан:

-“Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Осмонова А.Ш., Икрамов Т.И., Исмаилов У.Ч.

- “Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Нурбаев А.М., Акаев Ж.К., Жеенчороев М.К., Сулайманов А.Т., Орозова К.Б., Садиков У.Ч., Осмонов А.Ж..

-“2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

-“1973-жылдын 18-майындагы Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга (1999-жылдын 26-июнундагы Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун редакциясына) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

-“Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Ормонов У.З., Конушбаев Т.К., Баймуратов К.Ш., Джураев С.М., Айдаров С.А., Асылбаева Г.К., Тотонов Н.Т., Нурдинов Б., Атазов Ш.К., Осмонова А.Ш..

Үчүнчү окуудан:

-“Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 11.09.19дагы № 467 токтом.

-“2021-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2020-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (COVID-19 боюнча шашылыш долбоор) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Макулдашуу катты жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19 боюнча шашылыш долбоорду кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

- “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Башкы прокурор.

-Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин долбоору. Демилгечи – Башкы прокурор.

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин долбоору. Демилгечи – Башкы прокурор.
-“Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндө кодексин ишке киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Башкы прокурор.

- Кыргыз Республикасынын башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндө кодексинин долбоору. Демилгечи – Башкы прокурор

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4366-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамга)” Мыйзамдын макулдашылган варианты. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Рыспаев К.Дж., Турускулов Ж.К., Турусбеков Б.С., Эсенаманов З.С., Маматалиев М.А.

Токтом долбоору:

- “Мамбеталы Жаңылды Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө”

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы