Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” долбоор добуш берүүгө жөнөтүлдү

15-07-2021
15:30

 

Бүгүн, 15-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык  мыйзамдын долбоорун биринчи окуудан кароону  улантышты.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси –  Кыргыз Республикасынын Президенти.

Баяндамачы,  Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча  борбордук комиссиянын төрайымы  Нуржан Шайлдабекова белгилегендей, түзөтүүлөр   “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамын 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган  КР Конституциясына  шайкеш келтирүүгө жана  шайлоо мыйзамдардын  жакшыртууга багытталган.

 Конституциялык мыйзам тарабынан  Жогорку Кеңештин 90 депутатын шайлоо үчүн  жаңы шайлоо системасын киргизүү сунушталууда. Аралаш система боюнча  35 депутат  бир мандаттуу округдарда  мажоритардык система боюнча, 55 депутат  пропорционалдык система боюнча(партиялык тизме менен)  бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайланат.

Талкуунун жүрүшүндө  депутаттар   аралаш шайлоо системасы боюнча  бир катар  сунуштарды жана сын пикирлерди айтышты. Депутаттар Улугбек Садиков  жана Жыргалбек Турускулов  сунушталып жаткан  түзөтүүлөр  партиялар, партиялык лидерлер жана  олигархтар тарабынан  монополия пайда болуу тобокелчилигине бөгөт кое албайт, ошондой эле  долбоордо парламентке  региондордун өкүлдөрүнүн жана  аялдардын  бирдей келүүсүн камсыздоочу механизмдер  жок деген пикирлерин айтышты.

Депутат  Аккулу  Бердиев  долбоордун демилгечилерин шайлоолордун ачыктыгын жана тунуктугун камсыздоо,  талапкерлердин катарын  коррупционерлерден жана криминалдан  тазалоо,  ыплас шайлоо технологиялардын, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана  администаривдик ресурсту колдонуу   мүмкүнчүлүгүн болтурбоо үчүн  мыйзамдын  концепциясын кеңейтүүгө чакырды.

Депутат Рыскелди Момбеков  мыйзам долбоору тилеке каршы, өткөн жылдын  4-5 –октябрында  нааразылык акциясына чыгышкан  миңдеген жаштардын  пикирин чагылдырбасын,  жарандардын шайлоо институтуна болгон ишеними күндөн-күнгө төмөндөп баратканын  белгиледи.

Депутат Айбек Алтынбеков   бир мандаттуу округ боюнча шайланган депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган кезде кайра шайлоо өткөрбөй, мандатты экинчи орунду ээлеген талапкерге берүү мүмкүнчүлүгүн  карап көрүүнү сунуштады. Анткени, депутаттын пикири боюнча,  кайра шайлоо бюджет үчүн артыкбаш жүк болот. Депутат  Улан Примов  мажоритардык система боюнча   35, пропорционалдык система боюнча  55 депутатты шайлоону  сунуштаганда  жумушчу топтун  мүчөлөрү эмнеге негизденгендерине  кызыкты. БШКнын төрайымынын айтымында,  авторлор долбоорду даярдоодо   аралаш системанын  эл аралык тажырыйбасына таянышкан.

Депутаттар  Бактыбек Турусбеков менен Тынчтыкбек Конушбаев  так жооп алыш үчүн  ведомстволор аралык  жумушчу топтун бардык мүчөлөрүн чакырууну сунушташты. Депутаттар Эмил Токтошев, Айбек Осмонов, Ниязбек Арзыбаев  жана башкалар  мыйзам долбоорунун  мажоритардык бөлүгүндө  жаштар үчүн жана гендердик квота жок, документ жалпы жонунун кайра иштеп чыгууга муктаж деген пикирлерин айтышты. Ушуга байланыштуу эл өкүлдөрү  жумушчу топ түзүп, экинчи окууга  макулдашылган вариантты иштеп чыгууну сунушташты.

Депутат  Акыл Кемелов  жана Бакыт Төрөбаев  административдик-аймактык  бөлүүнү  эске алуу менен  бир мандаттуу шайлоо округдарынын  чек араларын аныктоо  механизмдерин  толуктап иштеп чыгуунун зарылдыгына көңүлдү бурушту.

Талкуудан соң мыйзам долбоору биринчи окуудан добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кенештин басма сөз кызматы