Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Мамбеталы Жаңыл Жогорку соттун судьясы кызматынан бошотулду

15-07-2021
10:30

Бүгүн, 15-июлда  Жогорку Кеңештин депутаттары “Мамбеталы Жаңылды Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун жактырды.

Баяндамачы,  Президенттин Жогорку Кеңештеги  ыйгарым укуктуу өкүлү  Анарбек Калматов  белгилегендей, отставка боюнча чечимди судья  өз каалоосу менен кабыл алган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы