Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депуттар аралаш шайлоо системасынын өзгөчөлүктөрүн талкуулашты

14-07-2021
18:05

14-июлда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар   “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык  мыйзамдын долбоорун биринчи окуудан карашты. Демилгечи -  Кыргыз Республикасынын Президенти.

Баяндамачы,  Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча  борбордук комиссиянын төрайымы  Нуржан Шайлдабекова белгилегендей, түзөтүүлөр   “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамын 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган  КР Конституциясына  шайкеш келтирүүгө жана  шайлоо мыйзамдарын  жакшыртууга багытталган.

 Конституциялык мыйзам тарабынан  Жогорку Кеңештин 90 депутатын шайлоо үчүн  жаңы шайлоо системасын киргизүү сунушталууда. Аралаш система боюнча  35 депутат  бир мандаттуу округдарда  мажоритардык система боюнча, 55 депутат  пропорционалдык система боюнча(партиялык тизме менен)  бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайланат.

Талкуунун жүрүшүндө  депутаттар  сунушталып жаткан  аралаш системанын өзгөчөлүктөрү боюнча көптөгөн суроолорду беришти. Эл өкүлдөрү ошондой эле  шайлоочуларды каттоо жана тизмелерди түзүү  системасын жакшыртуунун зарылдыгын белгилешти. Андан сырткары,  депутаттар  БШК  бир мандаттуу шайлоо округдарында  шайлоолорду уюштурууга техникалык жактан канчалык даяр экендигине кызыгышты.

Кеңешменин соңунда  мыйзам долбоорун талкуулоону  парламенттин кийинки отурумунда улантуу боюнча  чечим кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы