Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө” мыйзамын долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

14-07-2021
10:54

 Бүгүн, 14-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар  “Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун экинчи окуудан карашты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Нурбаев А.М., Акаев Ж.К., Жеенчороев М.К., Сулайманов А.Т., Орозова К.Б., Садиков У.Ч., Осмонов А.Ж.

Бул маселе боюнча депутат  Абдывахаб Нурбаев баяндама жасады. Анын айтымында,  мыйзам долбоорунун  алкагында чек ара ыйгарым укуктууларынын  укуктарын кеңейтүү,  анын ичинде  окуудан жана даярдыктан өтүү, курал-жарак менен камсыздоо  мүмкүнчүлүгүн берүү каралууда.

“Түзөтүүлөрдө мындан сырткары,  чек ара ыйгарым укуктууларына  өмүрүн жана ден соолугун камсыздоодо өлкөнүн аскер кызматкерлери менен бирдей  кепилдиктерди  берүү сунушталууда”, - деп кошумчалады депутат.

Депутат Ирина Карамушкина  курал берүү маселеси боюнча суроо койду. Депутат Самат Исманов  чек ара ыйгарым укуктуулары катары  жарандык кишилерди  тартуу максатка ылайыктуу болооруна күмөн санаарын билдирди. ”Балким, башка жолду тандап,  аскерлерди күчтөндүрүү керектир?”- деген суроону койду эл өкүлү.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окуудан добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы