Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Электр жана почта байланышы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр каралды

14-07-2021
10:33

Бүгүн, 14-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында  депутаттар  “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун үчүнчү окуудан карашты. Эске салсак,  мыйзам долбоору  номерлерди  которуу  кызматын  киргизүү маселесинде укуктук ченемдерди болтурбоого багытталган. “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында тиешелүү талап бар экендигине карабастан,  бүгүн Кыргызстандын аймагында  номерлерди которуу кызматы ишке ашырылбай жатканы белгиленди.Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Кеңешмеде ошондой эле   “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окуудан каралып, .добуш берүүгө жиберилди. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Асылбаева Г.К., Осмонова А.Ш., Икрамов Т.И., Исмаилов У.Ч

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы