Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитет сот органдарынын ишмердүүлүгүн уюштуруунун тартибин аныктаган мыйзам долбоорлорун карады

13-07-2021
15:45

Бүгүн,  13-июлда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйналышында депутаттар  сот органдарынын ишмердүүлүгүн  уюштуруунун тартибин  аныктаган  мыйзам долбоорлорун карашты. Атап айтканда:

- “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору;

 -“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору;

-“Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору;

 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору;

 “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору  каралды.

Мыйзам долбоорлорунун демилгечиси  –  Кыргыз Республикасынын Президенти  Жапаров Садыр Нургожоевич.

Мыйзам долбоорлору  боюнча маалыматты  Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун  төрайымы  Нургүл Бакирова, Кыргыз Республикасынын  Юстиция министринин орун басары  Кынатбек  Сманалиев, Кыргыз Республикасынын  соттор кеңешинин  төргасынын орун басары  Темирбек  Ибраимов   беришти.

Талкуу учурунда  депутат Нурбек  Сыдыгалиев  соттордун макамы, жергиликтүү соттордун  судьяларын  бошотуунун жана дайындоонун  тартиби тууралуу маселе көтөрдү. Жогорку соттун төрайымына кайрылып, депутат  Кенжебек Бокоев  бул мыйзам долбоорлорун эмне себептен  КР Президенти демилгелеп жатканын сурады. ”Сиздерде мыйзам чыгаруучулук демилге бар да. Өзүңүздөр эле демилгелесеңиздер болмок”, - деди К.Бокоев.

 “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбооруна токтолуп, депутат Мирлан Жээнчороев  Конституциялык соттун  сандык курамы боюнча  маселени көтөрдү.  Депутат ошондой эле  “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” жана   “Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”  мыйзам долбоорлору боюнча тактоочу суроолорду берди.

Депутаттар ошондой эле  сот адилеттигин ишке ашыруу,  судьяларды  бошотуунун тартиби жана судьялардын  көз карандысыздыгынын  кепилдиги  боюнча  маселелерди коюшту.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы