Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Айрым кодекстерге киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча парламенттик угуу өттү

13-07-2021
13:33

Бүгүн, 13-июлда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин, Кыргыз Республикасынын Башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндө кодексинин долбоорлорун жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндө кодексин ишке киргизүү менен Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрүүдө.

Парламенттик угууга мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылган.  

Жыйында баяндама жасаган Башкы прокурор Курманкул Зулушев 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген кодекстерди колдонууда көйгөйлөрдү жоюу максатында тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилип жатканын белгилеп: “Атайын түзүлгөн эксперттик топ тарабынан колдонуудагы кодекстерге талдоо жүргүзүлүп, жыйынтыгында бир катар мыйзамдарды да жаңылоо сунушу берилди”, – деди.

Ошондой эле Башкы прокурор кодекстердеги жаңыланууларга токтолуп: “Кылмыш-жаза кодексинин жаңы долбоорунда 47 берене жаңы иштелип чыгып, 34 берене толугу менен алынып салынды. Ал эми 362-беренеге толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилди. Кыскасы, жаңы иштелип чыккан Кылмыш-жаза кодекси 416 беренеден турат. Мындан сырткары, Башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндөгү кодекс иштелип чыгып, бирок аталышы боюнча толук чечимге келе элекпиз. Анткени менен ушул кодекске Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 85%ы киргилди”, – деди. Тагыраагы, Бузуулар жөнүндөгү кодекс менен Жоруктар жөнүндөгү кодекс толугу менен алынган.

Талкуу маалында кодекстерди жаңылоо боюнча түзүлгөн эксперттик топтун жетекчиси Чолпонкул Арабаев: “Иштелип чыккан жаңы мыйзам актыларынын долбоору кылмыштын жана жазанын түйүндүү суроолорун чечүүгө багытталган. Алар логикалык өз ара байланыштуу жана бири-бирине көз каранды жоболордун бирдиктүү түзүмүн түзөт. Дагы бир өзгөчөлүгү бардык кодекстер мамлекеттик тилде жазылды”, – деди.

Мындан тышкары, катышуучулар тарабынан бир катар сунуштар берилди. Тагыраагы, Кыргыз Республикасынын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит ишкерчиликти өнүктүрүүгө жана жеке мүлктү коргоого багытталган беренелерди гумандаштыруу сунушун берди. Аталган сунушка карата кодекстерди жаңылоо боюнча түзүлгөн эксперттик топтун жетекчиси Чолпонкул Арабаев “Прокуратура органдары мындан ары ишкерчиликти текшерүүчү эмес, колдоочу орган катары иштейт”, – деп жооп берди.

Ал эми “Кыргызстан юристтери” ассоциациясынын башкармалыгынын башчысы Сыргак Азаматов кодекстердеги айрым беренелер кайталанып калганын белгилеп, редакциялык мүнөздөгү түзөтүүлөр зарыл экенин кошумчалады.

Андан сырткары, жыйында аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук аракеттерине каршы жазаларды күчөтүү маселеси көтөрүлүп, айрым беренелер боюнча сын-пикирлер да айтылды.

Жыйын соңунда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы Наталья Никитенко парламенттик угуунун маанилүүлүгүн белгилеп: “Бул кодекстердин толук кандуу иштөөсүн камсыз кылат. Жогорку Кеңештин тармактык комитети бардык сунуштарды кароого даяр”,– деп кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы