Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитет Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун жактырды

12-07-2021
15:06

Бүгүн, 12-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутаттар “1973-жылдын 18-майындагы Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү  жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга (1999-жылдын 26-июнундагы Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун редакциясына) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын  долбоорун экинчи окуудан карашты.

Бул маселе боюнча маалыматты КР Экономика жана каржы министринин орун басары Султан  Ахматов берди.

Талкуу учурунда депутат  Шайлообек Атазов акыркы кездерде бажыканалар   аркылуу жүк ташуучу машиналардын өтүүсү эмне себептен азайып кеткенинин себебин сурады. Министрдин орун басары Султан  Ахматовдун  айтымында, мунун себеби пандемиядан улам Кытай менен чек аранын жабылгандыгына байланыштуу. Бирок, акыркы  мезгилде өткөрүү пункттары кайрадан ачылып, соода жандана баштады. Азыр күн сайын  35тен  машина өтүп жатат.

Депутат Мамасадык Бакиров транзит маселесине токтолуп, товарлар Казакстан аркылуу келип жаткандыктан  биздин соодагерлер көп убарагерчилик тартып, оңбогондой акча коротуп жатышкандыктарына көңүлдү бурду. Султан Ахматов Казакстан менен маселени чечүү боюнча бажы кызматына тапшырма берилгенин билдирди. Депутат Үмбеталы  Кыдыралиевдин пикири боюнча, жакын арада бажыкана аркылуу машиналардын өтүүсүнүн көбөйүшү күтүлбөйт. Анткени, өнөктөш тараптын  талабы боюнча алар менен кызматташкан өлкөдө  элдин 70 пайызы эмдөөдөн өтүүгө тийиш. А бизде болсо 1,5 гана пайыз эмделди.

Талкуудан соң комитет мыйзам долбоорун экинчи окуудан жактырды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы