Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 05.07.21.

05-07-2021
09:25

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы болот.  Себеби, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары  пандемияга байланыштуу оор кырдаалды эске алып, эмгек өргүүгө чыкпастан, колдонуудагы мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында жаңы мыйзамдарды кабыл алуу зарыл экенин белгилеп, кезексиз сессия чакыртууну сунушташкан. Натыйжада депутаттардын сунуштарын  эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын   83-беренесине жана  “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламент жөнүндөгү” мыйзамдын 34-беренесине ылайык, 2021-жылдын 5-июлунан   30-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин кезексиз сессиясын чакыртуу чечими кабыл алынган.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиби ары татаал, ары сыймыктуу иш. Анткени, Кыргызстандын башкы байлыгы эл болсо, ал эми ошол элдин саламаттыгын сактоо милдети сиздердин колуңуздарда. Ак халатчан дарыгерлер ар бирибиз үчүн илгери үмүттүн жана боорукерликтин белгиси. Кесиптик майрамыңыздарда гана эмес, ар убак калктын саламаттыгын сактоодогу талыкпаган эмгегиңиздер үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Ден-соолук баркын акыркы эки жылда жакшы сезип, билип калдык. Дүйнө жүзүн каптаган COVID-19 илдети сиздерге кошумча милдеттерди жүктөдү. Коронавирусту күнү-түнү жасаган аракетиңиздердин жардамы менен сөзсүз жеңебиз деген үмүттөбүз!” - деп айтылат Төрага Талант  Мамытовдун медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата жолдогон куттуктоосунда .

“Айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү 10 жыл деп белгиленгени, - бул айдоочунун жаш курагы боюнча физиологиялык жактан кандай өзгөрүүлөргө кабылганын текшерүү максатын көздөгөн ченем. Ошондуктан, бул иште техникалык кароого, медициналык кароо дагы кошо кошулат. Он жылдык мөөнөттүн болгон сыры ушунда”, - деп түшүндүрдү депутат Абдыбек Дюшалиев “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                             СНХ.А.ДЮШАЛИЕВ

                         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 5 – июлда Ысык-Көл, Нарын областтарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад областтарынын тоолуу райондорунда күн күркүрөп, өткүн өтөт. Ал эми аталган областтардын дыйканчылык аймактарында Талас жана Баткен региондорунда күн ачык болот. Багыты өзгөрмөлүү  шамалдын ылдамдыгы секундасына 3 - 8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+35…+40, Талас:+32…+37, Ысык-Көл, Нарын: +26…+31 градус ысыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 5 июлда жаан – чачын күтүлбөйт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы 3 - 8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +38…+40 градус ысык болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 24.11.22.

Бүгүн, 24-ноябрдагы Жогорку Кеңеш жыйыны адаттагыдай эле “Ар кыл маселелер” саатынан башталат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.11.22.

Кечээ, 22-ноябрда Төрага Нурланбек Шакиев Түркия Республикасындагы иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен алгач тар чөйрөдө, андан соң кеңири курамда жолугушту. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 21.11.22.

Бүгүн, 21-ноябрдагы Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 17.11.22.

Бүгүн, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңеш жыйынына КР Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.  Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 16.11.22.

Бүгүн, 16-ноябрдагы Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 15.11.22.

Бүгүн, 15-ноябрда өткөрүлүүчү парламенттик угууда өлкөдөгү автомобиль жолдору жана жол курулмалары менен болгон кризистик кырдаалды жеңүү иштери талкууланат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...