Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Талант Мамытовдун 1-июль - куткаруучулардын кесиптик майрамына карата куттуктоосу

01-07-2021
18:56

Урматтуу куткаруучулар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы жана 1-июль – Куткаруучулардын кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Куткаруучулардын кесиби ары жоопкерчиликтүү, ары сыймыктуу чоң милдет. Бул ишти мекенин сүйгөн, эл-жери үчүн күйгөн адамдар гана аркалай алат. Андыктан, куткаруучулар тынч жашоонун, коопсуз өмүр сүрүүнүн сакчылары экени анык.

Быйыл улуттук куткаруу кызматыбыздын 30 жылдыгы белгиленүүдө. Бул убакыт аралыгында өлкөбүздө кандай гана кырсык катталбасын, эр жүрөк, тайманбас куткаруучуларыбыз эли-жерибизге ак кызматын кылып, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, калкты табигый жана техногендик апааттардан коргоо боюнча олуттуу иштерди аткарды. Канчалаган адамдардын өмүрүн, мал-мүлкүн сактап калышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тарыхында куткаруучулар дайыма өздөрүнүн ишбилгилигин, кайраттуулугун, ыкчамдуулугун жана мекенчилдигин далилдеп келишти.

Ар бир куткарылган адамдын өмүрү үчүн сиздерге ыраазычылык билдирип, сыймыктануу менен эмгегиңиздерге таазим этебиз!

Сиздердей мекенчил, өз ата-журтуна берилгендик менен кызмат кылган замандаштарыбыз бар болгондугу үчүн элибиздин жүрөгүндө тынчтык орноп, бейпил жашоо өкүм сүрүүдө.

Ардактуу куткаруучулар!

Дагы бир жолу кесиптик майрамыныздар менен куттуктап татаал жана сыймыктуу ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм! Эмгегиңиздердин акыбети кайтып, эл кызматында аман жүрүңүздөр!

Өлкөбүздө ар дайым тынчтык жана ынтымак болсун!
 

Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов