Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Талант Мамытов клиникалык ооруканада стационардык дарылоодон өтүүдө

29-06-2021
22:52

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов ден-соолугу начарлагандыгына байланыштуу изоляцияда болуп, 2021-жылдын 28-июнунан тартып  Иш башкармалыктын клиникалык ооруканасында стационардык дарылоодон өтүүдө. Учурда Төраганын ден-соолугу туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин Аппаратынын жалпы 13 кызматкеринде анын ичинде Төраганын кабылдамасында иштегендердин арасында Covid-19 илдети аныкталган. Алар менен байланышта болгон жалпы 36 кызматкер ооруну алдын-алуу жана жайылтбоо максатында   обочолонуп, аралыктан иштөө режимине өткөрүлгөн. 

Жогорку Кенештин Басма сөз кызматы