Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Жер участокторун өткөрүп берүү (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда талкууланды

23-06-2021
17:10

Бүгүн, 12-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Жер участокторун өткөрүп берүү (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси - Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети.

Мыйзам долбоорунда "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын "сугат айдоо жерлерин жерлердин башка категорияларына жана жерлердин түрлөрүнө өткөрүү (трансформациялоо)", "Жер участокторун берүү (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам күчүнө киргенге чейин жеке турак жайлар курган жерлерди өткөрүп берүүдө айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана жоготулган пайданын суммалары төлөнбөйт деп айтылат. Инфраструктураны камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдарды өткөрүп берилген (трансформациялануучу) жеке менчик жер участокторунун ээси көтөрөт.

Талкуу жүрүшүндө мыйзам долбоору канча жер аянтын камтый тургандыгы тууралуу суроолор берилди.

Министрлер кабинетинин өкүлү 1645,9 гектар жер каралып жатканын маалымдады.

Ошондой эле депутат Аалы Карашевдин “Мындан ары жерлерди трансформациялоо маселеси токтойбу?” – деген суроосуна Министрлер кабинетинин өкүлү: “Буйруса бүттү”, – деп жооп берди.

Талкуудан соң мыйзам долбоору келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы