Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду 11-декабрда өткөрүү демилгеси сунушталууда

02-11-2016 13:18

Жогорку Кеӊеште “КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбооруна 84 депутат демилгечи болгон.

Демилгечилердин маалыматына караганда, 2010-жылдын 27-июнундагы бүткүл элдик добуш берүү менен кабыл алынган КР Конституциясы чыныгы парламентаризмге жол ачты жана бийлик менен элдин ажырымын жойду. Ошол эле учурда, анын айрым жоболору коомдо талаш туудурууда. Аны Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүсүз жөнгө салуу мүмкүн эмес.

Мындай көйгөйлөрдүн чечилбей жатышы адам укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууда, өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда кыйла тоскоолдук жаратууда. Акыркы алты жылда дүйнөдө көптөгөн өзгөрүүлөр болгонун, мындай жаңы чакырыктар жана коркунучтар көп өлкөлөрдө конституциялык мыйзамдар талаш-тартыштарды жаратты.

Ошондон улам, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, анын жалпы башаты жана мааниси менен айрым жоболордун карама-каршылыгын пайда кылган кемчиликтерди жоюу, парламенттик демократия шартында жаңы чакырыктар менен коркунучтарга карата тиешелүү чараларды көрүү зарылдыгы жаралды.

Сунушталган өзгөртүүлөр төмөнкүдөй жагдайларга байланыштуу киргизилүүдө:

- Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын жана эгемендигин чыңдоого;

- парламентаризмди чыңдоого, мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу жана аткаруу бутактарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү принциптерин тактоого;

- сот реформасы жана укук коргоо органдарын реформалоо үчүн конституциялык негизди өркүндөтүүгө.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунда референдумду өткөрүү датасын 2016-жылдын 11-декабрына белгилөө сунушталган.

Тармактык комитеттин төрайымы Асел Кодуранова депутаттардан түшкөн сунуштардын баары талданып чыгып, алгылыктуулары эске алынганын билдирди. Ал бир катар техникалык жана редакциялык оӊдоолор да киргизилгенин кошумчалады.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев жергиликтүү кеӊештердин депутаттары жана референдум боюнча бюллетендер эки башка кутуга салынарын, кутулар менен бюллетендердин көлөмү аргандай болгондуктан, алардын алмаштырып салуу мүмкүн эмес экенин айтты.

Талкуу жүрүшүндө референдумду жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо менен бирге өткөрүлүп жатканы бюджеттик каражатты кыйла үнөмдүү пайдаланууга түрткү берери, Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр бийлик бутактарынын теӊсалмактуулугунун сакталуусуна өбөлгө түзө турганы белгиленди.

Депутат Иса Өмүркулов депутаттардын көптөгөн сунуштары мыйзам долбооруна киргизилгенин билдирди. “Эчким кысымга алынган жок. Эгер азыр мыйзам долбоорун жигердүү талкуулап жаткан депутаттар өз сунуштарын мурда бергенде, алардын алгылыктуулары эске алынмак”, - деди ал.

Эске салсак, 2016-жылдын 11-октябрында Жогорку соттун Конституциялык палатасы мыйзам долбоору боюнча оӊ корутунду чыгарган. Корутундуга ылайык, мыйзам долбоору демократиялуу укуктук мамлекеттин ынанымдарына каршы келбейт.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1285

Окшош жаңылыктар