Түз
эфир
Жогорку Кеӊеште КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Баяхунов Нурмахаммат Баяхунович ант берди. Ал депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Меербек Мискенбаевдин ордуна келди.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жалпы депутаттардын атынан Нурмахаммат Баяхуновду ант берүү аземи менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.
Эске салсак, «КР ЖК депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, Жогорку Кеӊештин депутаты парламентте ант бергенден кийин өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.
КР ЖК Басма сөз кызматы