Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Талант Мамытовдун Суу чарба кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосу

20-06-2021
15:09

Урматтуу суу чарба кызматкерлери!

Баарыңыздарды бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.

Эзелтеден эле суу тирүүлүктүн негизи, бардык ийги иштердин башаты болуп келген. "Суу -адамдын жашоосу” деген сөз да бекеринен айтылбаса керек. Андыктан, экономикабыздын, анын ичинде айыл чарбасынын өнүгүшү, элибиздин жыргалчылыгы көп жагынан сиздерге, чын дилден аткарган ишиңиздерге байланыштуу. Эгер бул тармактын адистерди сугат системаларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздап,   талааларга сууну өз учурунда берип турууга жетише алса, демек, ошол жылы эгин мол, элдин дасторкону берекелүү болот. Суу сактыгычтар сууга толуп, үйлөрдө жарык өчпөйт. Айрыкча, быйылкыдай кургакчылык жылдарда сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, чеберчилигиңиздер экономика үчүн  өзгөчө маанилүү.

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктап, баарыңыздарга чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик каалайм.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы                            Талант Мамытов