Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Парламентте Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондун түзүү боюнча макулдашууну ратификациялоо маселеси каралды

17-06-2021
14:53

Бүгүн, 17-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган экономика жана финансы министринин орун басары Султан Ахматов макулдашууга ылайык эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташууга көмөктөшүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлөөрүн маалымдап: “Фонд Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана ишин жүзөгө ашырган чарбакер субъекттерге карыздарды берүү, капиталына катышуу жана башка финансылык инструменттерди пайдалануу аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорунда өзүн-өзү актоочу долбоорлорду ишке ашырат” – деди.

Белгилүү болгондой фонддун уставдык капиталы алгач 50 млн АКШ долларын түзөт. Кийин уставдык капитал 200 млн АКШ долларына жеткирүү менен бардык уставдык капиталга төлөөлөр Өзбекстан Республикасы тарабынан камсыз кылынат.

Талкуу маалында депутат Бактыбек Турусбеков каржынын натыйжалуу пайдаланылышына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеп: “Долбоорлорду ишке ашырууда ачык-айкындуулукка басым жасалышы шарт” ,– деди.

Ал эми депутат Аалы Карашев ушундай үлгүдөгү кандай фонддор бар экенине кызыкты.

Өз кезегинде Султан Ахматов учурда кыргыз-орус өнүктүрүү фонду иштеп жатканын мисал кылып: “Өзбекстандан тышкары, Венгрия мамлекети менен да түзүү мерчемделип жатат”, – деди.  

Андан тышкары депутат Тазабек Икрамов фонддун каражатын өндүрүшкө жумшоо зарылчылыгына токтолуп, айрыкча чакан ишканаларга көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.  

Талкуудан соң мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы